Түркияда окуган кыргызстандык студенттердин жыйыны өттү. 21-24-апрель күндөрү Кония шаарында "Кыргызстандык студенттер платформасы" бирикмеси ынтымак, достук жана биримдик фестивалын уюштуруп, ага Түркиянын булуң-бурчунда окуп жаткан 500гө чукул улан-кыз катышты.
Мындай форматтагы жолугушуу, уюштуруучулардын айтуусунда, биринчи жолу өттү.
Студенттердин башын бириктирүү жана бирин бири жакшы таанып, биримдикте болуусун максат кылган иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да катышты.
Конокторго атайын Кыргызстандан алынып келинген белектер тартууланды. (ElB)