Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Украина жикчилдерге электр берүүнү токтотту

Луганск
Луганск

Украина жикчилдер көзөмөлдөгөн Луганск облусуна электр берүүнү токтотту. Бул тууралуу 25-апрелде "Укрэнерго" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Всеволод Ковальчук Фейсбук баракчасына жазды.

Анда "мамлекет убактылуу көзөмөлдөбөй турган Луганск облусун электр менен камсыздоо толук токтотулду" делет.

Орусия буга реакция жасап, саясатташкан чечим кабыл алынганын, бул Украина чыгышындагы тынчтык келишимин бузарын билдирүүдө.

Украин өкмөтү менен Орусия колдогон жикчилдердин согушу 2014-жылдан бери уланууда. Акыркы убактарда тынчтык келишими жетишилди делгенине карабастан кез-кез салгылаш уланып, жалпы курман болгондор ушу тапта 10 миңди чамалады.

Жикчилдер өлкөнүн Луганск, Донецк облустарын ээлеп алып, ал аймактарды мамлекет атап алган.

Украина Лугансктагы жикчилдердин аймагына 2015-жылы газ берүүнү да токтоткон. Быйыл мартта болсо өкмөт жикчилдердин аймагына соода блокадасын орноткон.

XS
SM
MD
LG