Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:56

Таласта чек арачылар үчүн турак үй курула баштады


Таласта чек ара кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйдүн курулушу башталды. 25-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас облусундагы башкармалыгында эмгектенгендерге курула турган турак үйдүн капсуласы салынды.

Талас районунун Көк-Ой айылында жайгашкан 2029-чек ара бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан чек арачылардын үй-бүлөлөрү үчүн курула турган үч кабат үй 24 батирден турат.

Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Марат Мураталиевдин айтымында, долбоордун жалпы сметалык баасы 46 млн 760 миң сом.

Талас шаарынын борбордук бөлүгүндө бүгүн башталган курулуш 1-октябрга карата бүткөрүлүп, үй пайдаланууга берилет. (AlS)

XS
SM
MD
LG