Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги буга байланыштуу Санкт-Петербург шаарындагы Москва райондук ички иштер башкармалыгына расмий суроо кат даярдады.
23-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы курулуштардын биринде 22 жаштагы кыргызстандык жаран асылуу турган жеринен табылган. Шаардагы №26 оорукананын маалыматы боюнча, кыргызстандык Ы.М. аттуу жаран 23-апрель күнү оор абалда келип түшкөн. Ал оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат жана абалы оор деп бааланууда.
26-апрель күнү Санкт-Петербургдагы кыргыз консулу кыргызстандык жаран жеткирилген ооруканага барып, дарыгерлер менен, эгер мүмкүнчүлүк болсо жабыркаган жарандын өзү менен сүйлөшүп келмекчи. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады.(ZKo)
Facebook шеринеси