Линктер

жума, 19-январь, 2018 Бишкек убактысы 17:27

Британиялык ырчы жакында эле АКШдагы бир нече концерттерин белгисиз мөөнөткө жылдырган. Ал сейрек кездешүүчү бактериялык оорудан айыга баштаганын билдирип, жайында концерттик турларын жандандырарын маалымдады. Ырчынын өкүлү 70 жаштагы жылдыздын апрель жана май айларындагы концерттери өтпөй турганын 24-апрелде кабарлады. Айтымында, ырчы "коркунучтуу бактериялык инфекция" жуктуруп алган.

Элтон Жон Чилиден Британияга учуп баратып, өзүн жаман сезген. Мекенине келери менен ал ооруканага жеткирилип, эки күн реанимацияда жаткан. 21-апрелде ырчы ооруканадан чыкты. 25-апрелде Твиттердеги баракчасына "айыгууну эңсөө" сезими менен ойгонгонун жазган. Маалыматтарга ылайык, ал июнь айына чейин толугу менен айыгууга тийиш. Июнда анын Британияда бир нече концерттери мерчемделген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG