Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Питерде өз өмүрүнө кол салган делген кыргызстандыктын иши иликтенүүдө


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги буга байланыштуу Санкт-Петербург шаарындагы Москва райондук ички иштер башкармалыгына расмий суроо кат даярдады.

23-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы курулуштардын биринен 22 жаштагы кыргызстандык жипке асылып турган жеринен табылган. Шаардагы №26 оорукананын маалыматы боюнча, кыргызстандык Ы.М. аттуу адам 23-апрель күнү оор абалда жеткирилген. Ал оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат жана абалы оор деп бааланууда.

26-апрелде Санкт-Петербургдагы кыргыз консулу кыргызстандык жаран жеткирилген ооруканага барып, дарыгерлер менен, эгер мүмкүнчүлүк болсо жабыркаган адамдын өзү менен сүйлөшүп келмекчи. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG