Араван районунун билим берүү бөлүмүндө бюджеттик, атайын жана башка каражаттарды пайдаланууда бир жыл ичинде 3,2 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу болгону аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Эсеп палатасынан кабарлашты.
Мекеменин аймактык бөлүмү 2016-жылга карата аудит жүргүзгөндө акчанын кем чыгуусу 1,2 миллион, эмгек акыны негизсиз төлөө 1,5 миллион, дебитордук карызды эсепке алуу боюнча жашыруу 297 миң сом болгонун аныктаган. Мындан тышкары бюджеттик каражатты максатсыз пайдалануу, атайын каражаттарды казыналыктын тутумунан кыйгап өтүү менен пайдалануу деген да фактылар чыкканы айтылууда.
Эсеп палатасы аудиттин материалдарын юридикалык баа берүү үчүн укук тартибин коргоо органдарына берет. (RK)