Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Айлыгы кыскарган мугалим талабын аткаруу аракети башталды


Семиз-Бел айылы. Мугалимдер пикетте. 20-март, 2017
Семиз-Бел айылы. Мугалимдер пикетте. 20-март, 2017

Айлык маянасы кыскарганына байланыштуу нааразылык акцияларын уюштуруп келаткан Кочкордун Семиз-Бел айылынын мугалимдеринин талабын аткаруу аракети башталды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Асел Кемелова билдирди:

- Министрлик токтом долбоорун даярдап жатат. Ага Семиз-Бел кирет жана алыска баруу кыйындыгы боюнча 1,20 коэффициенти бекитилет.

Кемелова азырынча бул сунуш экенин, Семиз-Белден тышкары дагы 40ка жакын калктуу конуштан турган тизме боюнча токтом долбоору даярдалып, мекеме аралык жумуш тобу иштеп жатканын кошумчалады.

Токтом өкмөттө бекитилгенден кийин гана күчүнө кирет.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан айылдарда жашаган жана иштеген жарандарга айлыгына мамлекеттен кошумча акы төлөнөт. Бул акчаны Семиз-Бел айылдык мектебинин мугалимдери да алып келген.

Бирок 1790 метр бийктикте жайгашкан бул айылдын мугалимдеринин айлыгы мындай кошумча акы аларга "мыйзамсыз төлөнүп жатат, себеби тиешелүү критерийге 10 метр жетпейт" деген негизде 2016-жылдын ноябрында кыскарган. Маселен, математика мугалими Темирбек Эсеналиев "былтыркы жылдын ноябрына чейин айлыгым 14 миң сом болчу, эми 7900 сом тийип жатат" деп "Азаттыкка" билдирген.

10 метр жетпесе да башка коңшу айылдардыкындай эле катаал шартта иштеп жатканын айткан 30дан ашуун мугалим эки ирет иш таштаган.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG