Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:27

АКШнын Улуттар Уюмуна берчү каржыны азайтуу планы өнөктөштөрүн оолактатып, Вашингтондун таасирин алсыратышы ыктымал. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын БУУдагы мурдагы тогуз элчиси эскертүүдө.

Конгресске жазылган кат 25-апрелде жарыяланды. Анда "БУУну каржылоону азайтуу, же каржылоодон баш тартуу биздин таасирди азайтып, приоритеттүү реформаларыбызды ишке ашырууда чечүүчү колдоого ээ өнөктөштөрдү оолактатат, америкалык кызыкчылыктар менен баалуулуктарды алга жылдырган уюмдун маанилүү ишмердиктерин үзгүлтүккө учуратат, алыскы келечекте бул бизге кымбатка түшөт" деп айтылат катта.

Буга удаа эле "Кедейлик менен согуштан кымбат эч нерсе жок" - деп жазды Твиттерге Кошмо Штаттардын мурдагы мамкатчысы Мадлен Олбрайт. Катка демократ, республикачы аралаш сегиз экс-элчи кол койгон.

24-апрелде АКШ президенти Дональд Трамп БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү менен түштөнгөн. Анда Трамп Вашингтон Улуттар Уюмунун тынчтыкты сактоо үчүн миссиясындагы бюджетинин 28% көтөрүп атышканын, бул акыйкатсыздык деген пикирин билдирген.

Трамп 2018-жылга сунуштаган өлкө бюджетине ылайык, АКШнын дүйнөлүк уюмдун тынчтыкты орнотуу операцияларына салымы 25% жогору болбошу керектиги көрсөтүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG