Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу комитетинин маалымат кызматы кабарлады. Алтын кендеги инфраструктуралык курулуш расмий башталып, ага аталган комитеттин башчысы Азис Сапаралиев, Таластын облустук, райондук администрация жетекчилери, Бек-Молдо айыл өкмөтүнүн депутаттары жана “Альянс-Алтын” ишканасынын кызматкерлери катышты.
Сапаралиев комбинатты курууда миң киши жумуш менен камсыз болорун, жергиликтүү тургундарга соцпакет каралганын жана бул үчүн төрт фонд түзүлгөнүн белгиледи.
“Альянс-Алтындын” маалыматына караганда, учурда Жерүй алтын кенинен Бишкек-Суусамыр-Талас-Таразга чейин жол курулууда. Компания алгачкы алтынды 2018-жылдын соңунда алат деп пландалууда.
Талас районунун Бек-Молдо айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Жерүй алтын кени Кыргызстандагы алтындын запасы боюнча Кумтөрдөн кийинки эле орунда турат. Аны иштетүү боюнча лицензия аукциондун негизинде 2015-жылы 100 миллион долларга орусиялык «Восток-геолдобыча» сатылып, "Альянс-Алтын" ишканасы тузүлгөн. Геологиялык алдын ала изилдөөлөр боюнча бул кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар. (КЕ)