Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Эрдоган: Асад кетмейинче Сирияда согуш токтобойт


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Сирия президенти Башар Асад бийликтен кетпесе, жетинчи жылы да уланган согуш, аймактагы жаңжал токтобосун Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирүүдө.

"Асад Сириядагы чечимдин бир бөлүгү эмес. Макулдашууга жетишүү үчүн Сирия Асаддан бошонушу керек. Асад бийликте турганда Сириядагы жагдай эч качан жөнгө салынбайт. Ал Сирияны бүгүнкү абалга алып келди", деди Эрдоган "Рейтер" агенттигиндеги маегинде.

Ошол эле учурда Түркия, Орусия жана Иран менен Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүп жатканда түрк расмийлери Асадды четтетүү талабы мурдагыдай реалдуу болбой калганын ишара кылышкан.

Бирок Сириядагы апрелдин башындагы химиялык деп мүнөздөлгөн чабуулдан кийин Түркия Асаддын тагдыры боюнча баштапкы позициясына кайтууда.

Сириядагы согушта Орусия менен Иран өкмөттүк күчтөрдү, Батыш өлкөлөрү менен Түркия оппозицияны колдоп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG