Допингден улам 15 айга спорттон четтетилген орусиялык белгилүү теннисчи Мария Шарапова чоң тенниске кайтууда. Ал бүгүн, 26-апрелде Германияда "Порше" гран-при оюнунда италиялык теннисчи Роберта Винчи менен беттешет.
Бир жылдан ашык тыныгуудан кийин теннис рейтингиндеги бардык упайларынан ажыраган Шараповага турнирге катышууга дароо уруксат берилгени талкуу жаратууда.
Дүйнөлүк теннис ассоциациясынын бул чечимин польшалык теннисчи Агнежка Радванска, даниялык Каролина Возняцки сындап чыгышты. Сындагандардын арасында Шарапованын бүгүнкү атаандашы да бар.
Теннисчилер ири турнирлерге катышууга уруксат алаардан мурда майда беттештерден иргелиши керек.
"Чоң шлемди" беш жолу жеңип, кезинде дүйнөнүн биринчи теннисчиси болгон Шарапова былтыр Австралия ачык чемпионатынан кийин допинг текшерүүсүнөн өтпөй калган. Канынан тыюу салынган "мельдоний" заты табылган. Спорттук арбитраж соту Шарапованы эки жылга теннистен четтетип, кийин аны 15 айга кыскарткан. Чектөө 25-апрелдин түнүндө аяктады.