Европа биримдигинин элчилери 26-апрелде Украина үчүн виза режимин жеңилдетүүнү колдошту. Ал эми биримдиктин министрлеринин чечими 11-майда кабыл алынаары, келишимге кол коюу салтанаты 17-майда Страсбургда өтөөрү күтүлүүдө.
Евробиримдик дипломаттары "Азаттык" радиосуна визасыз режим июнду ортолой башталарына үмүттөнүп турушкандыктарын айтышты.
Эгер ишке ашып кетсе биометрикалык паспорту бар украиналыктар биримдик өлкөлөрүнө 90 күнгө визасыз кире алышат.
44 миллион калктуу Украина бул процесске 2015-жылдын декабрынан тарта зор ынтаасын салууда. Кыска убакытка визасыз режимди Еврокомиссия ошондо сунушталган.
2013-жылдын аягында Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович Европа менен жакындашууну жактаган келишимге кол койбой койгондо өлкөдө жаңжал чыгып, 2014-жылдын башында бийлик төңкөрүлгөн.