Украинада абакта жаткан өзбекстандык Акбарали Абдуллаев 21-апрелде үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Киев прокуратурасы билдирүүдө.
33төгү Абдуллаев маркум өзбек президенти Ислам Каримовдун жесиринин жээни. Ал 2014-жылы Өзбекстанда каржылык алдамчылыкка жана акча уурдоого айыпталып, издөөгө алынган.
Быйыл январда Киевдин "Жуляны" аэропортунда кармалган. Өзбек бийлиги аны экстрадициялоону талап кылууда. Абдуллаев мекенине кайра барса камаларын, өмүрүнө коркунуч тууларын айтып келет.
Адвокаттары болсо Абдуллаев 2013-жылы ушул эле айыптар менен абакта 2,5 жыл отуруп, мунапыс менен эркиндикке чыкканын белгилешкен.