Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

"Сентябрь" телеканалы КТРКны сотко бербей турган болду


"Сентябрь" телеканалы КТРКны сотко бербей турган болду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна "Сентябрдын" башкаруучусу Кайыргүл Урумканова билдирди:

- Азыр медиа чөйрөдө абал жакшы эмес. Журналисттер айтчу нерсесин айтайын дейт, бирок эртең сотко берип салат деп коркот. КТРКнын башчысына "биз силерди сотко бербейбиз, бирок 19 мүнөттүк сюжет жасаптырсыңар, бизге деле эфир бергиле, биз да айтып берели же өзүбүздүн сюжетибизди берели" деп кат жөнөттүк. Кара көө жабылып келди. Башында журналист "тартып алышты" деп, ал эми эң аягында Абеков өзү "мен саттым 300 миң долларга" деп жатат. Бирок бизге саткан эмес, партнерлоруна сатыптыр да. Эгер партнеруна сатса, биз билбейбиз да.

КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков соттошууга даяр экенин айтып, "Сентябрь" телеканалына өз позициясын билдирүүгө мүмкүнчүлүк көрсөтүү даярдалып жатканда эле берилгенин, бирок алар аны пайдаланбагынын айтууда:

- Соттошууга, сот, укук коргоо органдарынын алдында жооп берүүгө биз толук даярбыз. Себеби мен юрист катары да айта алам, ал жерде бир дагы сөз же сүйлөм мыйзамды бузбайт. Кабарчыбыз барып "көрсөткүлөчү, силердикиби же "АлиппеТВныкыбы"?" десе киргизген жок, көрсөткөн жок. Кайра шылдыңдап, мазактап кубалап чыгып, анан сыртка жөнөкөй кабарчыны чыгарып коюшкан. Ал "Бизде "АлиппеТВнын" жабдуусу жок" деп койду. Эгер жашыра турган эч нерсеси жок болсо эмнеге жетекчиси чыкпайт, аргументтерин, жабдуусун көрсөтпөйт? Көрсөтүп койсо ошону менен бүтөт эле да.

Жакында КТРКнын "Жумакайрык" көрсөтүүсүндө "Мегакомдун" мурдагы жетекчиси Алмаз Абековго караштуу болгон "Алиппе ТВ" билим берүү телеканалынын жабдуусу оппозициялык "Сентябрь" телеканалына алынган деген мазмундагы сюжет берилген. Бул үчүн канал жетекчилиги КТРКны сотко берерин айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG