Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Өкмөт башчы парламентте отчет берет


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттарын 2016-жылы өкмөттүн жасаган иштери менен тааныштырат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Толгонай Стамалиева "Азаттык" радиосуна билдирди:​

- Баяндаманы премьер-министр өзү сунуштайт. Жыйынга өкмөттүн толук курамы катышат. Депутаттардын суроолоруна ар бир тиешелүү өкмөт мүчөсү жооп берет.

Стамалиеванын маалыматы боюнча, бул жолу өкмөттүн баяндамасы жаңы форматта даярдалды. Ага ылайык, өкмөт жасаган ишиндеги жетишкендиктер менен кошо эле кемчиликтер тууралуу маалыматтарды да ачык көрсөтөт.

Өткөн жумада "Ата Мекен" фракциясы өкмөттүн отчетун канааттандырарлык эмес деп баалаган.

Баш мыйзам боюнча, жыл сайын 15-майдан кечикпей, өкмөт башчы өткөн жылда аткарылган иштер тууралуу парламентке маалымат берет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG