Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Дональд Трамп ишканалардын киреше салыгын 20% төмөндөтүүнү сунуштоодо


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамптын сунушуна ылайык, компаниялардын киреше салыгы азыркыдай 35% эмес, 15% болот. Бул ири корпорациялардан тартып, чакан жана орто бизнеске да тиешелүү болмокчу. Бул тууралуу АВС News телеканалы салык реформасы боюнча планга шилтеме берип маалымдады.

Трамптын администрациясы жаңы салык кодексин иштеп чыгып, жеңилдиктерди киргизүүнү кароодо. АКШнын Каржы министрлиги чет өлкөдөн кайтарылып келген киреше үчүн салыкты азайтууну убада кылган. Мекемеде бул өлкөгө триллондогон долларларды кайтарып келет деген ишеним бар.

Корпоративдик салыктарды кыскартуу Трамптын президенттик шайлоо алдындагы убадаларынын бири болчу. Анда ал салыкты азайтуудан келип чыккан кенемте кантип толтуруларын айткан эмес. Ал эми каржы министри Стивен Мнучин салыктардын азайышы экономиканы көтөрөт деген ишеничин билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG