Жогорку Кеңеште премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн 2016-жылда аткарган иштери туурасында отчет берүүдө. Анда калктын ишеними 2015-жылга салыштырмалуу 5,8 баллга жогорулаганын, глобалдык атаандаштык индекси боюнча Кыргызстан 111-орунда болуп, 9 орунга чегингенин айтты. Жээнбеков муну негизги өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык каатчылыктарга байланыштуу экенин белгиледи. Мындан сырткары Кыргызстан коррупцияны кабылдоо, бизнести жүргүзүү индекси боюнча дагы артка чегинген. Коррупция боюнча 136-орунда туруп, 13 позицияга чегингени отчетто белгиленди.
- Бул кошумча тогуз өлкөнүн кошулганы менен шартталган. Бул позицияда Кыргызстан 28 балл боюнча өзгөрүүсүз калган.
Өкмөттүн отчетунда 2016-жылы өкмөттүн программасы 90% аткарылганы, экономикалык өсүш 3,8% түзүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 40% инвестиция тартылганы, экспорттун көлөмү 5,1% көбөйгөнү, ошол эле учурда былтыр Кыргызстанга келчү чет өлкөлүк түз инвестициялар 2015-жылга караганда 58,4% төмөндөгөн. Буга чейин өкмөттүн отчетун көпчүлүк коалиция, “Республика – Ата журт” фракциясы угуп, канааттандырган. “Ата-Мекен” фракциясы өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү толук артка кеткенин белгилеп, "канааттандырарлык эмес" деп тапкан.
Cооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматка былтыр апрелде келген. Ал Эгемен Кыргызстандын 28-премьер-министри.(КЕ)