Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Табыптын үйүндө каза тапкан жарандын окуясы иликтенүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Табыптын үйүндө каза болду деген жарандын окуясын териштирүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн аталган мекемеден кабарлашты.

Министрлик милицияга таянып тараткан маалыматта быйыл 1-мартта 42 жаштагы жаранды туугандары Учкун конушунда жашаган Сийнегүл Чилмергенова аттуу табыпка алып барышкан. Эки суткадан кийин ал бейтап каза болуп калган.

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы адамдын өлүмү боюнча кылмыш иш козгогон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, табыптын небереси кармалган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Чилмергеновага медициналык иш менен алектенүүгө лицензия бербегенин айтууда.

Окуяны жеке көзөмөлүнө алган министр Талантбек Батыралиев "бул табыпка карата эң катуу чара көрүлөт деп үмүттөнөбүз" деп белгиледи.

Буга чейин өзүн элдик табып деп атаган Ашым Зайналиев аттуу жаранга кайрылган айрым бейтаптар каза тапканы коомдо кызуу талкуу жаратып, маселе парламентке чейин жеткен. Зайналиев эч мыйзам бузбаганын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG