Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Жол кырсыгына кабылган эки окуучунун бири эсине келе элек


21-апрелде Бишкекте машине коюп кеткен эки окуучунун бирөө эсине келе элек. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысына Бишкек шаардык балдардын тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков бүгүн билдирди. Ал көзүн ачкан менен азырынча кыймылдап, жооп бере элек. Буга чейин баланын башына томография жасалган. Анын башында кан уюп калгандыктан эсине келе элек болууда.

Экинчи баланын абалы жакшы.

21-апрелде Бишкектеги №74 мектептин 3-классынын эки окуучусун "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунаа Бакаев жана Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинен коюп кетип, балдар оор абалда ооруканага жеткирилген.

Окуучулар жөө адамдар өтүүчү тилкеде баратып кырсыкка кабылган. Машиненин айдоочусу качып кетип, кечке жуук кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG