Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Түркияда Гүленге байланышы бар делген 1000ден ашуун адам кармалды


Түркиядагы 26-апрелдеги кармоолор маалында тартылган сүрөт.
Түркиядагы 26-апрелдеги кармоолор маалында тартылган сүрөт.

Түркияда бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүленге байланышы бар деп шектелген миңден ашуун адам кармалды. Ошону менен катар түрк бийликтери 26-апрелде тогуз миңдей полиция кызматкерлерин убактылуу иштен алды. Бийлик алардын Гүлендин кыймылы менен байланышы бардыгын иликтөөдө.

"Анадолу" маалымат агенттиги кабарлагандай, түрк полициясы бир эле убакта өлкөнүн бардык аймактарында рейддерди жүргүзүп, операцияга сегиз жарым миң полициячы тартылганын жазды,

Бир нече сааттан кийин 9103 полиция кызматкери убактылуу иштеринен четтетилгенин "Анадолу" маалымдады.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу операцияны Гүлен кыймылын "жок кылуу" үчүн өкмөт алдыга койгон максаттын маанилүү кадамы деп атады. Анын айтымында, шектелип кармалгандар Гүлендин тарапташтары болушу мүмкүн.

Бул "жашыруун имамдар" өз кишилерин полицияга ишке орноштурууга жардам берип келишкенин айтты Сойлу. Ал ошондой эле бул адамдар полицияга кирип, ичинен "альтернативдик структура" түзүп , аны сыртынан башкарууга аракет кылышканын кошумчалады.

Расмий Анкара АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүлен 2016-жылдын июль айында Түркияда болгон бийликти төңкөрүү аракетинин артында турган деп айыптап келишет. Гүлен өзү бул айыптоолордун бардыгын четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG