Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:03

Украин элчилиги Бишкектеги Славян университетине эскертүү жолдоду


Кыргыз-Орус (Славян) университетинде пайда болгон кулактандыруу

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги Бишкектеги Кыргыз-Орус (Славян) университетинин жетекчилигине кайрылуу жолдоду. Анда окуу жайдын ичинде Крымда иштөөгө ыктыярчы студенттерди чогултуу аракети жүрүп жатканына байланыштуу айрым шарттар эскертилгенин бүгүн "Азаттык" радиосуна элчи Николай Дорошенко билдирди:

- Мен ректорго Украинанын оккупацияланган аймагына кирүү жана чыгуу эрежелерин бердим. Бул эрежелер өкмөттүн токтому менен 2015-жылы бекитилген. Ал украин тарап коюп жаткан талаптарга жана украин мыйзамдарын бузгандарга карата ыктымал жазалоого көңүл бурушу керек. Мени угушту жана ыктыярчыларды топтоо болбойт деп үмүттөнөм.

Университеттин Архитектура, дизайн жана курулуш факультетинин деканынын орун басары Талгат Кичикенов окуу жайдын күнөөсү жок экенин айтууда:​

- Бул маалымат бизге Жаштардын эмгек биржасынан келген. Кийин биз алар менен байланышсак, ката экени аныкталды. Бул жерде жөн гана түшүнбөстүк болуп кетти. Азыр ал кулактандыруу алынып салынды. Бир гана отряд түптөп жатабыз. Ал Камбар-Атага барат.

Жаштар биржасынын жетекчиси Азиз Идрисов кыргызстандык студенттерди Керчке жөнөтүү каралып жатканын айтууда:

- Бул маселе каралып жатат. Орусиядагы борбордук штаб менен иштешүүдөбүз.Биринчи кезекте курулуш адистигиндеги студенттер болсо деп жатышат.

Славян университетинин Архитектура, дизайн жана курулуш факультети Керч шаарына жана Камбар-Ата ГЭСине студенттик курулуш отряддарын түзүп жатканы тууралуу кулактандыруу жарыяланганы жөнүндө кабар интернетте тараган. Анда Крым жарым аралындагы Керч шаары Орусияныкы деп көрсөтүлгөн. Украина Крымды Орусия андан аннексиялап алган аймак деп эсептейт. (AiA/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG