Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:35

Француз соту Харадинайды Сербияга экстрадициялоодон баш тартты


Косовонун мурдагы премьер-министри Рамуш Харадинай журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Франциянын Аппеляциялык соту Косовонун мурдагы премьер-министри Рамуш Харадинайды Сербияга экстрадициялоо боюнча Белграддын өтүнүчүн четке кагып, аны тескерисинче камактан бошотуу чечимин чыгарды.

Бул маалыматты 27-апрелде эркиндикке чыккан Харадинай өзү да ырастап, бул иш жабылганын билдирди.

"Мен эми эркин адаммын, бүгүн эле Косового кетем деген ниеттемин" - деди Харадинай Франциянын түндүк-чыгышындагы Кольмар шаардык сотунун алдында журналисттерге сүйлөп жатып.

Харадинайга Сербияда издөө салынган. Расмий Белград аны Косовонун көз карандысыз болушуна алып келген 1998-1999- жылдардагы куралдуу жаңжалда аскерий кылмыштарга барган жана этникалык сербдерди жок кылган деп айыптап келет.

Харадинай өзү бул дооматтарды четке каккан. Ал 2005-жылы өз ыктыяры менен премьер-министрликтен кеткен. Анын ишин мурдагы Югославия боюнча Эл аралык трибунал караган. 2008-жылы Харадинай далилдердин жетишсиздигинен улам акталган. Эки жылдын кийин бул чечим жокко чыгарылып, кайра каралган. Жыйынтыгында Рамуш Харадинай толук акталган.

48 жаштагы Харадинай 4-январда Сербия өкмөтүнүн суранычы менен Франциянын Кольмар шаарында кармалган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG