Бишкекте өзгөчө шахмат аянты ачылды. Жаштарды өнүктүрүү институту Ататүрк сейил багына көлөмдүү шахмат фигураларын койду.
Учурда бул иш-чаранын алкагында аталган паркта шахмат турнири өтүп жатат.
Ачык аянтка коюлган шахмат талаасы 12 чарчы метр. Фигуралардын узундугу 70 сантиметрден 1 метр 20 сантиметрге чейин. Алар жыгачтан жасалган. Салмагы 10-15 килограмм.
Уюштуруучулардын айтымында, бул долбоор "Сорос-Кыргызстан" фондунун каржылык көмөгү менен ишке ашты.
Максат - шаар тургундарын шахматка кызыктыруу. Өзгөчө шахмат аянтынын ачылыш аземинде өтүп жаткан турнирге үч муундагы шахматчылар катышып жатат. Мында неберелер, ата-энелер жана чоң ата, чоң апалар таймашууда.
Соңку 1-2 жылда Кыргызстанда шахмат кыймылы активдешип, түрдүү мектептер, клубдар ачылууда. (ZA)