Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Шаршеев калыстар андан кечирим сурабаганын айтты

Дастан Али Шаршеев
Дастан Али Шаршеев

Орусиядагы кыргызстандык спортчу Дастан Али Шаршеев Казан шаарындагы окуя үчүн рефери жалпы мигранттардан кечирим сурашы керектигин "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Ал мындай сөзү менен жеке менин гана эмес, бардык мигранттардын жүрөгүнө тийди. Менден кечирим сураса ошондой гана вариантта кабыл алам.

Шаршеев айрым маалымат каражаттарынын андан калыстар кечирим сураганы тууралуу таратып жаткан маалыматы чындыкка дал келбесин айтты.

22-апрелде Татарстандын борбору Казан шаарында кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондугуна тандоо мелдешинин экинчи этабы өткөн. 1/8 финалда орусиялык Антон Калинин менен Дастан Али Шаршеев беттешкен. Шаршеев жеңиш атаандашына ыйгарылгандан кийин рингден кетүүдөн баш тарткан. Мелдештин башкы калысы спортчуну "Баш ийбесең депортация болуп кайра өлкөгө кирбей калышың мүмкүн же жаап коюшу ыктымал? Сага мунун кереги барбы?" деп коркуткан.

Шаршеев бул таймаштын уюштуруучулары Антон Калинин менен июль айында матч-реваншка чыгууну сунуштаганын айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG