Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Кара-Кече боюнча сынак ушул жылдын соңунда өтөт


Кара-Кече көмүр кени
Кара-Кече көмүр кени

Бул тууралуу бүгүн парламентте депутат Мыктыбек Абдылдаевдин суроолоруна жооп берип жатып Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу комитетинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

- Кара-Кече боюнча сынак жарыялаганбыз. Эл аралык деңгээлде өткөрүш үчүн консалтинг компанияны жалдайбыз деп сынак өткөргөнбүз. Жети компания катышып, бирок аягында бардыгы чыгып кетти. Себеби акча каражатты өтө көп талап кылышты. Биз азыр башка ыкма менен конкурсту улантып жатабыз. Жыл соңуна чейин бүтүргөнгө аракет кылабыз. Темир жолду куруу талабыбыз инвесторлорду чочутуп жатат. Калгандары боюнча талаш жок.

Кара-Кече жана Миң-Куш көмүр кендерин комплекстүү иштетүү долбоорун ишке ашырууга кеңеш берчү консалтинг компанияга сынак ушул жылдын башында жарыяланган. Тандалган компания кендерди иштетүү боюнча конкурстун шарттарын, тартибин, инвестициялык келишимди иштеп чыгышы керек жана инвестор табууга көмөктөшөрү айтылган.

Ал эми Кара-Кече көмүр кенин комплекстүү иштетүү боюнча өкмөт былтыр эле сынак жарыялаган. Анда Балыкчыдан Кара-Кечеге чейин темир жол салуу, кендин жанына жылуулук электр станциясын куруу жана толук иштетүү каралган. Бирок ал сынакка катышууну каалаган инвестор чыккан эмес.(КЕ)

XS
SM
MD
LG