Президент Режеп Тайип Эрдогандын администрациясынын аракеттеринен улам Евробиримдик менен Түркия ортосундагы алакаларга олуттуу зыян келгенин Германиянын канцлери Ангела Меркел билдирди.
- Соңку апталардагы окуялардын өнүгүшү Түркия - Германия жана Түркия - Евробиримдик алакаларына доо кетирди - деди Меркел 27-апрелде парламентте сүйлөп жатып.
Меркел Эрдогандын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө жол ачкан 16-апрелдеги референдум адилет өткөрүлбөгүнүнө тынчысыздануусун билдирди.
Ошону менен катар немис канцлери алакалардын начарлашына эки тарап тең кызыкдар эместигин айтып, "биз диалогго барууга ыктайбыз" деди.
Меркел Түркияда былтыр жайдан бери жүргүзүлүп жаткан массалык камоолорду да сынга алды. 26-апрелде Түркияда миңден ашуун адам бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деген шек менен кармалды. Ушундай эле шек менен тогуз миңдей полиция кызматкери иштен убактылуу четтетилди.
Расмий Анкара АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүленди 2016-жылдын июль айында Түркияда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетинин артында турган деп айыптап келет. Гүлен өзү бул айыптоолорду толук четке каккан.