Улуттук коопсуздук комитетинин Тергөө башкармалыгы талап-тоноо факты боюнча Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан мурдагы депутат Райкан Төлөгөновго карата козголгон кылмыш ишти тергеп бүтүү. Бул тууралуу бүгүн аталган мекемеден кабарлашты.
УКМК тергөө маалында "бир катар күбөлөрдөн, анын ичинде ошол кылмыштарга түздөн-түз катышы бар адамдардан материалдар жана көрсөтмөлөр" алынганын айтууда.
Иш Кылмыш кодексинин 167-беренесинин "алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо" жана 241- беренесинин "адамдардын тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" негизинде козголгон.
Быйыл 28-мартта Төлөгөновго айып тагылып, ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Учурда кылмыш иштин материалдары бекитүү жана сотко өткөрүп берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.
УКМК 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча 2013-жылы козголгон кылмыш ишти быйыл 16-марттан тарта өзү иликтей баштаган.
Райкан Төлөгөнов өзүнө коюлган айыптарды "саясий атаандаштардын ойдон чыгарганы" деп билдирген. (RK)