Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

"Фридом Хаус": дүйнө элинин 13% гана эркин коомдо жашайт


Фридом Хаустун акыркы отчету
Фридом Хаустун акыркы отчету

"Дүйнө элинин 13 пайызы гана сөз эркиндиги чектелбеген өлкөдө жашайт" деп билдирет башкеңсеси Вашингтондо жайгашкан "Фридом Хаус" уюму.

28-апрелде жарыялаган баяндамасында уюм өткөн жылы глобалдык сөз эркиндиги он жыл ашуун убакыттагы эң төмөнкү чегине жеткенин эскертет.

Буга авторитардык режимдер эле эмес, демократиялык өлкөлөрдө да журналисттер менен маалымат каражаттарына болуп көрбөгөндөй коркунуч жаралышы себеп делет.

АКШ президенти Дональд Трамптын маалымат каражаттары менен кайым айтышуусу мисалга алынып, ал башка өлкөлөргө да терс таасир этип жатканы белгиленет.

"Сөз эркиндигинин күңүрт горизонту" аттуу баяндамада 199 мамлекет жана аймак талданат. Алар "эркин", "жарым-жартылай эркин" жана "эркин эмес" деп бөлүнгөн.

Пресса чектелбейт деген түшүнүккө - саясий маалыматтар ачык, тоскоолдуксуз чагылдырылган, медиага мамлекет минималдуу кийлигишкен, журналисттин коопсуздугу кепилденген, пресса юридикалык да, экономикалык да басымга учурабаган коомдор кирген.

"Дүйнө элинин 42% "жарым-жартылай эркин", 45% "эркин эмес" өлкөдө жашайт",- дейт "Фридом Хаус".

Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан пресса "эркин эмес" өлкөлөр тизмесине кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG