Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Пентагон Флинндин ишин иликтөөгө киришти


Флинн менен Путин орусиялык телеканалдын сый тамагы учурунда
Флинн менен Путин орусиялык телеканалдын сый тамагы учурунда

АКШнын Коргоо министрлиги президент Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Майкл Флинн Орусиядан тиешелүү уруксатсыз акча алган-албаганын иликтөөгө киришти. Бул тууралуу 27-апрелде Демократтар партиясынан билдиришти.

Флинн 2015-жылы Аскердик чалгын агенттигинин жетекчилигинен кеткенден кийин Москвага барган. Бул сапары үчүн ага "Орусия Бүгүн" (Russia Today) телеканалы 45 миң доллар төлөгөн.

Ушул аптада айрым конгрессмендер Флинн телеканалдын сый тамагы учурунда орус президенти Владимир Путин менен отуруп, ал үчүн акы алуусуна тиешелүү уруксат сурабаганы менен мыйзамды бузушу ыктымал дешкен эле.

Демократтар АКШ Конституциясына ылайык, кызматтагы жана отставкадагы офицерлерге чет өлкө бийликтеринен "сый акы" алууга тыюу салынат деп эскертишет.

Флинндин адвокаты Роберт Келнер болсо мурдагы кеңешчи Пентагонго телеканалдын чакыруусу боюнча тийиштүү "маалыматты жана флешкадагы документти" бергенин, Москва сапарына барардан мурда да, баргандан кийин да кабар бергенин айтууда.

Майкл Флинн АКШ президенти Дональд Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчиси болуп иштеп, Орусия менен ыктымал байланыштары тууралуу чуудан кийин кызматтан кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG