Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:35

“Кыргызстан Улуттук мекенчил кчтөр” Элдик курултай маселесин көтөрдү


"Кыргызстандагы Улуттук мекенчил күчтөр" бирикмесинин уюштуруу жыйыны 28-апрелде кабыл алган меморандумда Элдик курултай институтун башкы көзөмөл орган деп эсептеп, Жогорку Кеңеш, Президент баштаган бийлик органдарына Конституциянын 52-беренесин ага ылайыктап өзгөртүү жараянын баштоо талабын койду. Талаптарды аткарууга бир айлык мөөнөт коюлуп, ал аралыкта жер-жерлерде жыйындар уюштурулуп, Бүткүл Республикалык курултай 27-майга белгиленген. Меморандумдун аткарылышын жаңы түзүлгөн Туруктуу Элдик кеңеш көзөмөлдөөрү айтылат.

Уюштуруу тобунун башчысы, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров буларды белгиледи:

- Мамлекеттик бийлик органдарын көзөмөлдөөчү орган деп атабыз. Эгер бүгүнкү биздин меморандумдагы мыйзам долбоорун Атамбаев алса, элдик курултай тууралуу ал башкача айтышы мүмкүн. Колдобой коюшу да ыктымал. Эгер чыныгы эки элдик революциянын автору менмин деп өзүн эсептесе ал муну колдош керек. Анткени эки революция автократиядан арылалы деген максатта болгон.

Президенттин маалымат кызматы элдик курултай боюнча Президент оюн мурда билдиргенин, меморандум боюнча расмий пикир аны менен таанышкандан кийин айтыларын "Азаттыкка" билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин апрелдин башындагы жыйынында Элдик курултай институтун кайра жандандыруу, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн киргизип, Баш мыйзамдын 52-беренесин колдонууну сунуштаган. Кыргызстандын аймактарынын, айылдарынын кызыкчылыгын коргогон, айыл өкмөт башчылары, шаар мэрлери, айылдык кеңештин өкүлдөрүнөн турган, бүткүл элдик добуш менен шайланган чыныгы элдик курултайга ээ болуу оюн айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG