Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Профессор Кантөрө Токтомаматов дүйнө салды

Кантөрө Токтомаматов
Кантөрө Токтомаматов

Экономика илимдеринин доктору, профессор Кантөрө Токтомаматов 69 жаш курагында оорудан дүйнө салды.

Белгилүү окумуштуу 1993-жылы Жалал-Абаддагы жана жалпы эле КМШ аймагындагы алгачкы мамлекеттик эмес жогорку окуу жай – Экономика жана ишкердик университетин негиздеп, жетектеп келаткан.

Ал 100дөн ашуун илимий жана окуу-усулдук эмгектердин автору болгон.

Педагогикалык, илимий, коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын “Манас-1000” медалы, Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын сыйлыгын алган.

Кантөрө Токтомаматов премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы.

 

XS
SM
MD
LG