Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

“Солтон-Сары” кенинде алтын чайкоо иши уланды


Иллюстрация
Иллюстрация

Cезондуу тыныгуудан соң «Солтон-Сары» кенинин алтын чайкоочу фабрикасында толук иш башталды. Бул тууралуу бүгүн "Кыргызалтын" ишканасынан кабарлашты.

Тыныгуу маалында оңдоо иштери жүргүзүлдү жана 4500 тоннадай кен өндүрүмдөрү казылып алынды.

«Солтон - Сары» кениндеги өндүрүштү кеңейтүүнүн алкагында ушул жылдын июнь айында алтын чайкоочу фабриканын экинчи линиясы ишке кирет жана бул кошумча 6 кг алтын өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары 2016-жылы январь айында ишин баштаган Алтын-Төр участогунда геологиялык чалгындоо иштери улантылууда. Анын жалпы запасы болжол менен 539 миң тоннага жакын.

Ишканада азыркы учурда 156 адам эмгектенип жатат.

«Солтон-Сары» кени "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун өндүрүш филиалдарынын бири Ал Бишкектен 355 чакырым алыстыкта Нарын облусундагы Капка – Таш-Тоо кыркасында деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан.

XS
SM
MD
LG