Бүгүн Бишкекте келечекте лидер болчу жаштарды тарбиялоодогу маалыматтык технологиялардын ролу талкууланды.
Кыргыз мамлекеттик технологиялык университетинде өткөн жыйынды Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу Азия-Тынч океан окуу борбору уюштурду.
Аталган уюм "Бүгүнкү жаштардан эртеңки лидерлерди даярдоо" программасын иштеп чыккан. Анын максаты - туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн студенттер жана жаштар арасында IT билимди жайылтуу.
Бүгүнкү иш-чарада Кыргызстандын Билим жана илим министрлигинин өкүлдөрү, окутуучулар жана башка адистер бул багыттагы жаңы ыкмалар менен таанышты. (RK)
Facebook шеринеси