Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Чек ара кызматындагы курал-жаракты сатуу боюнча иш сотко жөнөтүлдү


Аскер прокуратурасы Чек ара кызматына караштуу аскер бөлүгүндөгү курал-жаракты уурдоо жана сатуу фактысы боюнча ишти тергеп бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөттү.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө 2014-жылдан 2016-жылга чейин аскер бөлүктөгү бир нече кызматкер өз ара сүйлөшүп алып, кампада сакталган курал-жарактарды уурдап чыгып, сатып жүргөнү аныкталды.

Тергөө жыйынтыгы менен 13 адамга Кылмыш кодексинин алты беренеси боюнча айып тагылды. Алардын арасында мурдагы аскер жана милиция кызматкери менен кошо жөнөкөй жарандар бар.

Ал эми Чек ара кызматынын жооптуу адамдарына карата тергөө уланууда.

Былтыр Чек ара кызматынын аскер кызматкери көп сандагы курал-жаракты сатып жүргөнү аныкталып, аталган кызматтын 14 кызматкери жумуштан алынган.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG