Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөндөгү жер көчкүгө байланыштуу кыргызстандыктарга теле кайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Кайрылууда президент көчкү жүргөн айылга эскертүү болгонун, бирок жашоочулар ага көңүл бурбай койгонун билдирди.
“Бүгүн Кыргызстанда, тилекке каршы, кайрадан көчкү болуп, Өзгөн районунда кичинекей айылды, он чакты үйдү басып калды. Баарынан кейиштүүсү, эки-үч күн мурун барып, көчкүлө десе укпай, “көчпөйбүз” деп, ошол жакта жашаган биздин мекендештерибиз такыр болбой коюптур”, -деди президент.
Буга байланыштуу Атамбаев башка кооптуу жерлерде жашап жаткандарды мамлекеттик бийликтин эскертүүлөрүнө көңүл буруп, адам өмүрүн сактоого чакырды.
Ошондой эле мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Аза күтүү күнүн жарыялоо жөнүндө жарлык даярдалып жатканы кабарланды. Кайсы күн экени азырынча белгисиз.
Бүгүн эртең менен Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калды. Алдын ала маалымат боюнча үйлөрдө 24 адам болгон. Алардын арасында балдардын бар экени айтылууда.
Учурда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов баш болгон куткаруучулар издөө жана куткаруу иштерин жүргүзүп жатат.