Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

Македонияда нааразылык акциясы өттү


Македония. 28-апрель
Македония. 28-апрель

Македониянын борбору Скопьеде жума күнү эки миңден ашуун адам жаңы парламенттик шайлоо жарыялоо талабы менен акция өткөрүштү.

Аталган акция өлкө парламентинде орун алган чырдан соң өттү. Анда "Улуттук биримдик үчүн" демократиялык партиясынын 200дөй тарапкери парламентке кирип барып, айрым депутаттарды ур-тепкиге алган эле.

Окуя Социал-демократтар жана этникалык албандардын үч партиясынан турган альянс жаңы спикер кылып этникалык албан Талат Жаферди бекиткенден кийин болгон.

Акция катышуучулары эч бир саясий топко катышы жок экенин билдиргени менен оппозициядагы “Македониянын улуттук биримдиги үчүн" партиясынын (ВМРО) талаптары айтылып жатты.

Нааразылыкка чогулгандар Европа Биримдигинин өлкөдөгү миссиясын сынга алышты. Евробиримдик буга чейин этникалык албандардын партиялары менен чогуу түзүлгөн альянсты колдоого алган эле.

2016-жылдын 25-декабрында өткөн шайлоодо Македониянын улуттук биримдиги үчүн демократиялык партиясы парламенттеги 120 мандаттын 51ин гана алган. Ал эми оппозициячыл Социал-демократтар 49 мандатка ээ болгон. Калган 20 мандат өлкөдөгү этникалык албандар басымдуулук кылган үч партияга тийген.

Социал-демократтар партиясы албан тилинин макамын көтөрүү шартынын алкагында этникалык албандардын саясий партиялары менен коалиция түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG