Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

30-апрелге аба ырайы


Кашка-Суу
Кашка-Суу

Чукул билдирүү:

29-апрелден 1-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

29-апрелде Талас өрөөнүндө, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облутарынын тоо этектеринде жаан карга айланат.

Аба ырайы:

Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14;

Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 6...11;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12;

Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 5...10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5.

Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5, күндүзгү жогорку температурасы 10…12 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG