Бүгүн эртең менен 24 адамды жер көчкү басып калган Өзгөндүн Аюу айылына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жээнбеков куткаруу издөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Маалыматка караганда, учурда издөө ишине 220дан ашык адам тартылган. Көчкү алдында калгандардан эч ким табыла элек. Ал эми кооптуу жерде жашаган 40 үйдүн тургундары үчүн коопсуз аймакка 30 чатыр тигилүүдө.
Дарыгерлер жабыркагандардын жакындарына психологиялык-медициналык жардам көрсөтүп жатышат. Акыркы маалымат боюнча, кырсыктан кийин абалы начарлаган төрт адам ооруканага жаткырылды.
Бүгүн эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калды. Жер көчкү алдында калган алты үйдө 24 адам болгон. Алардын 11и балдар.
Бул кырсыкка байланыштуу Кыргызстанда 30-апрель Аза күтүү күнү болуп жарыяланды.