Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:24

Бишкекте ЕККУнун программалык кеңсеси иштей баштайт


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин жаңы мандаты бекитилди. Мындай чечимди ЕККУнун Туруктуу кеңеши 27-апрелде Венада өткөн жыйынында кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, эл аралык уюмдун программалык кеңсеси 1-майдан тарта Бишкекте өз ишин баштамакчы.

Буга чейин Бишкекте ЕККУнун борбору иштеп келген. Былтыр кыргыз өкмөтү ЕККУнун Бишкектеги борборунун макамын төмөндөтүп, Программалык кеңсеге айлантуу тууралуу ниетин билдирген эле. Буга байланыштуу эл аралык уюмга атайын нота жиберген.

Расмий Бишкек мындай кадамга Кыргызстанда кылмышкер деп табылган Кадыржан Батыров ЕККУнун Венадагы жыйынына катышып, сөз сүйлөгөндөн кийин барган.(BkA)

XS
SM
MD
LG