Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Кубада учак кырсыгынан сегиз адам мерт болду


Кубанын батышында Ан-26 үлгүсүндөгү аскердик учак кулады. Куба өкмөтүнүн маалыматы боюнча, учактагы сегиз адам тең каза болду. Кырсыкка учураган учак өлкө борбору Гаванадан алыс эмес аэропорттон учуп чыгып, бир аз өтпөй тоого урунуп, кулаган.

Өкмөттүк комиссия учак кырсыгы боюнча иликтөөнү баштады, учурда кырсыктын так себеби аныктала элек.

Associated Press агенттигинин жазышынча, кырсыкка учураган учак Aerogaviota аттуу компанияга таандык болгон. Аталган компания өкмөткө аскердик жүктөрдү ташып кызмат көрсөтөт.

Кубанын аскер күчтөрүндө Советтер союзунда чыгарылган учактар басымдуулук кылат. Ан-26 үлгүсүндөгү аскердик -унаа учагы 1969-жылдан 1986-жылга чейин Киев авиазаводунда чыгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG