Кыргызстандын аймактарында Конституциянын кабыл алынганынын 24 жылдыгына карата “Конституция боюнча жашайм” аттуу акция өтүүдө. Юстиция министрлиги уюштурган акция 28-апрелде Жалал-Абад шаарында башталып, башка аймактарда уланууда. Акциянын жүрүшүндө адистер жарандарга Баш мыйзамда көрсөтүлгөн укуктары жана ага киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат берип жатышат.
Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Акыркы жолу өзгөртүү боюнча референдум былтыр 11-декабрда өткөн. Ага жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду деп табылган.