Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:27

Иран: президенттик шайлоого үгүт жүрүп жатат


Эбрахим Раисинин үгүт жарнагы.
Эбрахим Раисинин үгүт жарнагы.

Ирандын президенти Хасан Роухани өлкө жарандарын алдыдагы шайлоодо атаандаштарына добуш берсе авторитаризм кайрадан күчөшү мүмкүн деп эскертти.

Ал эми Роуханинин шайлоодогу негизги атаандашы Эбрахим Раиси өлкөдөгү экономикалык абалды сынга алып, ал үчүн учурдагы президентти айыптады.

Роухани жана Раиси 29-апрелде эки башка аймакта шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрдү.

19-майда өтчү шайлоодо президенттик эки мөөнөткө ат салышып жаткан Роухани Йезд шаарындагы митингде өлкөгө полиция коркуткан учурга кайтып барууга мүмкүнчүлүк бербей турганын билдирди.

“Ирандыктар 19-майда экстремизм, басым жана зордук-зомбулуктун доору аяктагын бүткүл дүйнөгө далилдейт”-деди Роухани өз тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып.

Ал эми Тегерандагы митингде сүйлөгөн Эбрахим Раиси өлкөдөгү экономикалык абалды сынга алды.

“Бүгүн жаштардын 30 пайызы жумушсуз, өлкөдө жумуштуулук деңгээли 12 пайыздан ашпайт” - деп мындай кырдаал үчүн учурдагы бийликти айыптады.

Иранда президенттик шайлоо 19-майда өтөт. Ага алты талапкер катышууда. 68 жаштагы Хасан Роуханиге атаандаш болуп бир катар белгилүү саясатчылар чыкмакчы. Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин жакын адамы, динаятчы Эбрахим Раиси да ат салышаарын айтып, жакырчылыкка, коррупцияга каршы күрөшүү убадасын берип келатат.

XS
SM
MD
LG