Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Кара-Кече кенин иштетүүгө эки инвестордон сунуш түшүүдө


Кара-Кече.
Кара-Кече.

Жумгалдагы Кара-Кече көмүр кенин комплекстүү иштетүүгө Түркия жана Кытайдан эки компания кызыкдарлыгын билдирди. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысына Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев кабарлады. Анын айтымында, учурда аталган компаниялардын сунуштары каралып жатат.

- Бул компаниялар өз кызыкдарлыгын билдирүүдө. Алардын шарттарын карап чыгабыз. Анан тендер жолу менен тандашыбыз керек болот, - деди Зилалиев.

Кара-Кече көмүр кенин комплекстүү иштетүү боюнча өкмөт былтыр эле сынак жарыялаган. Анда Балыкчыдан Кара-Кечеге чейин темир жол салуу, кендин жанына жылуулук электр станциясын куруу жана толук иштетүү каралган. Бирок ал сынакка катышууну каалаган инвестор чыккан эмес.

Мындан соң бул долбоорду ишке ашырууга кеңеш берчү консалтинг компанияга сынак ушул жылдын башында жарыяланган.

Консалтинг компаниялар өз кызматы үчүн чоң суммадагы каражаттарды сурагандыктан өкмөт андан баш тарткан.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG