Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:11

Бүгүн Кыргызстанда Эмгекчилердин тилектектиштик күнү белгиленет


Кыргызстандагы жумушсуздардын көбүн аялдар түзөт.
Кыргызстандагы жумушсуздардын көбүн аялдар түзөт.

Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата Кыргызстанда 1-май дем алыш деп жарыяланган.

Расмий маалыматтарга караганда, ушул тапта өлкөнүн жалпы калкынын сегиз пайызы жумушсуз. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдиришинче, 55 миң адам жумушу жок деп каттоого алынган, анын 30 миңге чукулу аялдар. Бир жыл мурун эки жүз миңдей адам ишсиз экени айтылган.

Америкада жумушчулар 8 сааттык иш күнүн орнотуу талабы менен 1886-жылдын 1-май күнү нааразылыкка чыгышкан. Полиция акцияны күч менен басып, кан төгүлгөн.

1889-жылы жумушчулардын II Интернационал бирикмеси негизделген. 1890-жылдын 1-майында Европанын бир катар мамлекеттеринде Эмгекчилердин эл аралык биримдик күнү белгиленген.

Кыргызстанда алгач 1919-жылы Пишпек шаарында уюштурулган.

Жумушчулардын эмгек укугун коргоо максатында бул күн дүйнөнүн жүзгө чукул өлкөсүндө майрамдалат. (SE)

XS
SM
MD
LG