Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:59

РЕН-ТВ каналы Навальныйга жасалган кол салууну көрсөттү


Алексей Навальный кол салуудан кийин.
Алексей Навальный кол салуудан кийин.

Орусиянын РЕНТ-ТВ телеканалы оппозиционер Алексей Навальныйга жасалган кол салуу учурунда жазылып калган тасманы көрсөттү. Бирок видеодо ага суюктук чачкан адамдын өңү-түсү байкалбайт.

Тасма телеканалдын сайтына 28-апрелде, Навальныйга кол салуу болгондон бир күн өтүп жарыяланды. Бирок оппозиционер бул тууралуу 30-апрелде Твиттерге жазгандан кийин гана видеону көргөндөрдүн саны көбөйгөнү айтылууда. Навальный телеканал тасманы бийлик өкүлдөрүнөн алган болушу мүмкүн деп болжоп жатат. Ал жекшемби күнү өзүнүн сайтына жазган билдирүүдө кол салууну уюштурду деп Кремлди айыптады.

Алексей Навальный 27-апрелде өзү жетектеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун кеңсесинен чыгып баратканда белгисиз бирөөлөр анын бетине зеленка чачып кетишкен. (SE)

XS
SM
MD
LG