Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, Өзгөн районундагы кырсык болгон Аюу айылында 20 кишиден турган дарыгерлер тобу жана психологдор элге жардам берип жатышат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан кабарга ылайык, көчкү астында калган 24 кишинин үчөөнүн сөөгү табылды. Алар 2, 12 жана 20 жаштагы кыздар. Издөө иштерине 400дөй адам тартылган.
29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жети үйдү баскан. Топурак алдында калган турак-жайларда 24 адам болгон.
Апаатка байланыштуу Кыргызстанда 30-апрель – аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Тышкы иштер министрлигинде жана Кыргызстандын чет элдеги элчиликтеринде 3-майга чейин “Көңүл айтуу китептери” ачылган. Ондогон мамлекеттердин президенттери, дипломаттары жана эл аралык уюмдар Бишкекке аза кайгыны бөлүшкөн билдирүүлөрдү жөнөтүүдө жана “Көңүл айтуу китептерине” жазып калтырышууда. (SE)