Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:19

Тажикстанда 1-май эс алуу күндөрдүн катарынан чыгарылды


Тажикстан.
Тажикстан.

Тажикстанда 92 жылдан бери майрамдалып келген 1-май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү быйыл эс алуу күндөрдүн катарынан чыгарылды. Чечимди тажик парламенти 2016-жылы ноябрда кабыл алган.

Парламент төрагасы Шукуржон Зухуров 1-май Тажикстанда мамлекеттик жана улуттук майрамдардын катарында кала берерин, бирок мындан ары иш күн болорун жарыялады. Мындай билдирүүгө депутаттар, алардын ичинде коммунистер дагы каршы болгон жок.

Жумушчулардын эмгек укугуна арналган бул майрамды дүйнөдө 142 өлкө белгилейт. Кыргызстанда 1-май - эс алуу күнү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG