Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Кадамжай: кырсык көп катталган аймакка жол чырак коюлду


Кадамжай.
Кадамжай.

Кадамжай райондук акимчилигинен “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, Ош-Исфана жолунун 123-чакырымына жол чырак орнотулду. Жол жээктерине бетон тосмолор коюлду.

2014-жылы Ош-Исфана жолунун Өзбекстанды айланып өткөн Көк-Талаа-Пүлгөн участкасы ишке берилгенден бери Кадамжай шаарынын кире беришинде адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп каттала баштаган. Жол жээгиндеги курулушу бүтө элек үйдүн короосун беш жолу автоунаа сүзүп токтогон. Быйыл мартта Оштон Баткен шаарына машыгууга бараткан жоокерлер да ушул жерден кырсыкка кабылып, баары ооруканага түшкөн.

Кадамжай шаарынын жашоочулары жол кырсыктары көбөйүп жатат деп нааразылык акцияга чыгышып, бийликтен маселени чечүүнү талап кылышкан.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG