Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Самаркандек айыл аймагында мектеп программасынан тышкары ЮНИСЕФтин «Көп тилдүү билим берүү» долбоору иштеп жатат.
Анын алкагында кыргызстандык жана тажикстандык жаштар орус тилин үйрөнүүдө. Аталган уюмдун маалыматына караганда, бул долбоор эки эл бири-биринин тилдерин түшүнбөгөндүктөн өз ара сүйлөшүү, тил табышууну жеңилдетүү жана конфликттерди азайтуу максатын көздөйт.
Учурда Самаркандек айылындагы курска 180 бала тартылган, 28 мугалим атайын окуудан өткөн.
Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш айылдарында жер, суу, жайыт маселесине байланышкан чатактар маал-маалы менен чыгып турат. (JsA)